Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мирлан Бакировго башка өлкөлөрдүн депутаттары кантип иштешерин өз көзү менен көрүп келүүгө кеңеш беришти

«Эмнеге ЖКнын вице-спикери парламентте отурганына 5 жыл болсо да өлкөдө абал эч өзгөрбөгөнү тууралуу ойлонбойт?»

ЖКнын вице-спикери Мирлан Бакиров кыргызстандыктарды тигил же бул жакка жиберерден мурда биринчи өзү өнүккөн өлкөлөргө барып, ал жакта элдер кандай жашарын көрүп келсе болмок. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына саясат таануучу Шерадил Бактыгулов бөлүштү.

Тактай кетсек, парламенттин жыйынынын учурунда Мирлан Бакиров жашоолоруна нааразы болгон кыргызстандыктарды Памирге жиберип, ал жактагылардын турмушун көрсөтүп келүү керектигин айткан. Депутат өкмөт памирлик кыргыздарга кандай колдоо көрсөтүлүп жатканына токтолгон.

- Өлкөгө нааразы болуп жаткандарга билет сатып берип, бир жумага Памирге жибериш керек, - деп сунуштаган ал. - Өз көздөрү менен алардын жашоосун көрүп келсин. Балким, ошондо алардын пикири өзгөрөттүр.

- Мирлан Бакиров айткан сөздөрүн көбүнчө артка алганы менен белгилүү, - деп белгиледи Бактыгулов. - Бирок, анын иши айрым этиканы талап кыларын, аны кармануу зарыл экенин түшүнүү керек да. Ал нааразы жарандарды Памирге барышсын деп атат. А өзү Япония же Германияга барып, алардын депутаттары кантип иштешерин көргүсү келбейт бекен?

Саясат таануучу парламент мүчөлөрү эмнеге алар иштеген 5 жыл убакыт аралыгында Кыргызстанда жакшы жакка өзгөрүүлөр болгон жок деп өздөрүнө суроо салууга тийиш экенин кошумчалады.

- Ички дүң продукту 10 жыл мурдагы деңгээлде эле турат, - деп кейиди Бактыгулов. - Эмнге эл өкүлдөрү өздөрүнүн ишмердүүлүктөрүнө жараша тыянак чыгарышпайт?

Өз кезегинде башка саясат таануучу жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Зайнидин Курманов ал Мирлан Бакиров өз сөздөрүн эмоциянын үстүндө айтканына ишенгиси келерин белгиледи.

- Биз эми депутаттар эмоционалдуу адамдар болорун жана көп учурда ойлонбой туруп бир нерсе айтып алышарын жакшы билебиз да, - деди эксперт Vesti.kg сайтына. - Бирок, биздин парламент мүчөлөрүнө саясий маданият жетишпейт чынында. Элди ал эмес Антарктидага деле жиберсе болот, бирок, эртең ошол адамдар шайлоого барышарын унутпоо зарыл. Жарандар болсо мындай депутаттарды жаңы парламентке тандабоо керектиги жөнүндө ойлонушса жакшы болмок.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх