Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

АКШнын КРдагы элчиси: Кыргызстандыктарга кирүүгө чектөө салууну укук коргоо органдары сунуштаган

Бирок, Дональд Лу кыргызстандыктарга виза берүүгө бөгөт коюларын тастыктаган жок

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу Кыргызстандын жарандарына виза берүүгө чектөө киргизилерин тастыктаган жок. Бул тууралуу КРнын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков басма сөз жыйыны учурунда билдирди.

Ал АКШга кирүүгө чектөө коюлары айтылган тизменин арасында Кыргызстан бар экенин билгенден кийин элчини дароо тышкы иштер министрлигине чакырышканын айтып берген. Биз АКШга кирүүгө чектөө чечими жөнөкөй жарандарга терс кесепеттерди алып келиши мүмкүн деген пикирибизди айттык.

Дональд Лу америкалык виза алууда коюла турган чектөөлөрдү ырастаган жок.

«Алынган маалыматтарга ылайык, бул сунуш АКШнын укук коргоо органдары тарабынан түшкөн, - деп билдирди Айдарбеков. - 2017 -жылы АКШнын президенти 2020-жылдан тарта биометрикалык паспорттор колдонулбаган мамлекеттердин жарандарына өлкөгө кирүүгө чектөө киргизүү тууралуу мыйзамга кол койгон. КМШ мамлекеттеринин ичинде биометрикалык паспорттор толугу менен киргизилбеген өлкөлөрдүн ичинде Кыргызстан дагы бар».

ТИМнин башчысы учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгиледи.

Министрдин айтымында биздин мамлекет санариптештирүү боюнча, анын ичинде биометрикалык паспортторду берүү боюнча дагы алгылыктуу иштерди жүргүзүүдө. Ал эми КРде бүгүнкү күндө биометрикалык паспорттордун берилбей жатканына жүйөлүү себептер бар экенин тактап өттү.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх