Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жактоочу: «Мыйзам бар болсо, Садыр Жапаров 5-февралда жатак абакка которулат»

Шарабидин Токтосунов экс-депутатка коюлган кинелер буга жол берерин дагы эле айтууда

Эгерде мыйзамдар иштесе, анда мурдагы депутат Садыр Жапаровду 2020-жылдын 5-февралында жатак абакка которулушу керек. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди.

- Эгерде которушпаса, анда биз басма сөз жыйын чогултуп, алар кайсы мыйзамды бузуп жатышканын айтып беребиз, - деп кошумчалады ал. - Мисалы, «өзгөчө кооптуу рецидив» тууралуу 16-берене азыр КРнын Кылмыш кодексинен алынып салынган. Сот анын ишин жаңы кодекстердин күчүнө киргенден кийин кайра карап чыкканда 16-беренени айыптоодон толук чийип салган. Кылмыш иши эми «өзгөчө оор» эмес «оор» болуп саналат. Калган беренелер жатак абакка которууга жолтоо болбойт.

Юрист Садыр Жапаровдо карыз же сөгүштөр жок болсо, анда экс-депутат жатак абакка которулуу укугуна ээ деп эсептейт. Мындайлар Жапаровдо, анын айтымында жок.
 

- Эгерде мыйзам иштесе, анда Садыр Жапаров 5-февралда жатак абакка которулушу керек, - деп кайрадан баса белгиледи Токтосунов.

Эске салсак буга чейин Vesti.kg Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын төрагасы Мелис Турганбаевдин Садыр Жапаров шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулбасын жана жатак абакка дагы которулбай турганын айтканын жарыялаган. «Мыйзамга ылайык, Садыр Жапаровго шарттуу түрдө мөөнөтүнөн бошотуу жана жатак абакка которуу колдонулушу мүмкүн эмес», - деп жооп берген ал Ысык-Көл облусунда Садыр Жапаровду колдоп митингге чыккандарга.
Мелис Турганбаев Жапаров «өзгөчө кооптуу кылмыш рецидиви» менен кылмыш жасаганын жана КРнын Жкнин 43-беренесинин 2-бөлүгү боюнча «кылмыш ишинин уюштуруучусу же болбосо анын аткарылышын жетектеген адам» катары табылганын эске салган.

2018-жылы Садыр Жапаров 2013-жылы Караколдо өткөн митингди уюштуруу жана ошол кездеги Ысык-Көл облусунун башчысы Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган. Учурда ал Молдовановка айылындагы № 1-түзөтүү абагында жазасын өтөөдө.

Ольга Федорчук
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх