Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Франкфурт кезектеги парламент мүчөсүн оңтойсуз абалга калтырды. Мында ЖКнын вице-спикери жаңылды (видео)

Мирлан Бакиров бир күндүн ичинде эки жолу соцтармактардын сынына кабылды

Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров дагы Франкфурт-на-Майне шаарынын аталышын туура эмес айтып алды. «Короче» телеграм-каналында анын ЖКнын жыйынында анын сүйлөгөн сөзүнүн видеосу жарыялаган.

Вице-спикер немис шаарынын аталышын кыргызчага «Франкфурт жана Майне» деп которуп окуган.

Белгилей кетсек, шаардын кыргызча туура аталышы «Майндагы Франкфурт» (орусча - Франкфурт на Майне).

Парламент мүчөсү Мирлан Бакиров кечээ күнү бир эмес эки жолу соцтармактардын колдонуучуларынын сынына кабылган. Жыйында сүйлөп жатып, ал жашоосуна нааразы кыргызстандыктарды Памирге жиберүү керектигин айткан.


Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх