Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сооронбай Жээнбеков: Коопсуздук кеңешинин чечимдери жетиштүү деңгээлде аткарылбай жатат

Президент маморгандардын ишин сынга алды

Коопсуздук кеңешинин чечимдери жетиштүү деңгээлде аткарылбай жатат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында билдирди.
Мамлекет башчы маморгандардын конкреттүүү кемчиликтерине көңүл бурду.

- Чечимдердин аткарылышы белгиленген мөөнөттөрдөн бир нече айга созулуп кетти, - деп баш чайкады ал. - Кээ бир учурларда ашыкча бюрократия же формалдуу мамиле болууда. Мамлекеттик органдар негизсиз түрдө чечимдерди аткарууга керек болгон нормативдик-актылардын айрым долбоорлорун иштеп чыгууну узартышууда. Ошондой эле, чечимдер кабыл алынгандан кийин иш убактылуу токтотулуп же таптакыр эле токтоп калган дагы учурлар жок эмес.

Жээнбековдун айтымында, кээ бир маморгандар жергиликтүү жана чет элдик бизнестин өнүгүшүнө бут тосууну улантып жатышат.

- Бир эле мисал, - деди президент. - 2019-жылдын аягында коррупцияга шектелип Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча маминспекциянын алты кызматкери кармалды. Алар ишкерлерден, биздин жарандардан ири суммадагы акча доолашкан. Маалыматка ылайык, системалык коррупцияда аталган мекеменин бардык кызматкерлеринин тиешеси бар. 

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх