Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жээнбеков Абылгазиевге бийликке көлөкө түшүрүп жаткан аткаминерди көрсөттү

Президент Мамлекеттик экотехинспециянын башчысы чырга аралашкан кызматкерлерин дароо кызматтан кетирбегенине ачууланды

Кыргызстанда ар бир жетекчи өз кызматкерлеринин эмне кылып жатканын билиши керек. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында билдирди.

Мамлекет башчы кол алдындагы кызматчылары коррупцияга же паракорлукка байланышкан жетекчилер дагы өздөрүнүн жоопкерчилигин сезиши керек деп эсептейт.
Ага чейин ал 2019-жылдын аягында Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын алты кызматкери коррупцияга шектелип кармалганын айткан. Кармалгандар Мамэкотехинспекциянын жетекчилиги менен бир имаратта, бир кабатта иштешкен.

- Урматтуу премьер-министр Мухамедкалый Дүйшекеевич, буга сиздин көңүлүңүздү бурам. - Кызматкерлери кармалганына бир ай болгондон кийин гана ал аларды жана алардын иш-аракеттерин жетектеген өзүнүн орун басарын ээлеген кызматынан алуу тууралуу чечим кабыл алып жатат. Ал эмнени күттү? Эмнеге ыкчам чараларды көрбөйт?

Жээнбеков дал ушундай жоопкерчиликсиз жетекчилердин айынан коррупциянын алдын алуу жана жок кылуу боюнча бардык көрүлүп жаткан аракеттер текке кетип жатканын кошумчалады.

- Мындай жетекчилер президенттин, өкмөт башчынын, бүтүндөй мамлекеттик бийликтин аброюна көлөкө түшүрүп жатат, - деди ал. - Мамэкотехинспекцияга байланышкан окуя - бул элге билингени гана. А жоопкерчиликке тартылбагандары канча? Менин билишимче, коомчулук менен бизнесмендердин арасында дээрлик бардык мамлекеттик органдарга, алардын ичинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) караштуу Коррупцияга каршы күрөш кызматына, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финполиция) жана Мамлекеттик каттоо кызматына сын-доомат абдан көп.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх