Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сооронбай Жээнбеков укук коргоо органдарынын жетекчилерин бурчка такады

Президент күч түзүмдөрүндө кардиналдык реформалара көбүнчө сөз түрүндө эле жүрүп, чынында коррупция дагы деле уланып жатканын айтты

Кыргызстандын укук коргоо органдарынын жетекчилери алдына коюлган маселелерди толугу менен аткара албай жатышат. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Президент коррупция менен күрөшүүдө айрым жылыштар бар экенин белгилеп, бирок, мамлекеттик бийликтин аброюна шек келтирген «бир карын майды чириткен кумалактар» да жок эмес экенин кошумчалады.

- Жалпыга маалымдоо кызматтары коррупциондук иштер тууралуу көптөгөн материалдарды чыгарышууда - деп эске салды Жээнбеков. - Көзгө сайып эле көрсөтүп жатышат аларды. Жарандык коомдун мындай колдоосу менен биз эч качан коррупцияга каршы күрөштү токтотпойбуз.

Мамлекет башчы укук коргоо органдарынын жетекчилери өз милдеттерин толук аткара албай жатышканын баса белгиледи.

- Силер, укук коргоо органдарынын жетекчилери сиздер башкарган мекемелер менен министрликтерде кардиналдык реформа жүрүп жатканын жердин бардыгында жар салып жүрөсүңөр, - деди президент. - Реформа тууралуу айтып коюш жеңил. Аларды ишке ашыруу, мекемелерди жемкорлордон тазалоо - башка маселе. Бул жагынан силер өз милдеттериңерди толук аткарып жаткан жоксуңар. Биз укук коргоо же башка маморгандарынын кызматкерлери пара алышарын көрүп же окуп жатабыз. Коррупциондук схемалардын көмүскө башчылары кармалып жатат. Ушундай мисалдар бүткүл мамлекеттик бийликтин аброюна көлөкө түшүрүүдө

Жээнбеков бул укук коргоо органдарынын өз мекемелери жана министрликтери ичиндеги коррупция менен күрөшүүгө кайдыгер, олутсуз мамилесинен улам болууда деп эсептейт.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх