Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сооронбай Жээнбеков сотторго: Колунан жетелеп келип беришкен коррупционерди соттой албайсыңар! Оозуңарга суу толтуруп алгансып отурасыңар!

 Мамлекет башчы Фемиданын кызматкерлерине каарын төктү

Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында соттук системанын иши боюнча агынан жарылды.Президент Фемиданын кызматкерлери өз милдеттерин аткара албай жатышат деп эсептейт.

- Өз милдеттериңерди так аткаруунун ордуна баарыңар оозуңарга суу толтуруп алгансып отурасыңар, - деп агынан жарылды Жээнбеков. - Соттук системаны реформалоо боюнча эч ким эч кандай чара көргөн жок. Колунан жетелеп келген коррупционерди соттой албайсыңар. ЖМКлар коррупция жөнүндө жазышууда, жарандык коом улам силерге кайрылат. Силер болсо былтыйып отурасыңар!

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх