Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сооронбай Жээнбеков: Эмнеге Финансы полициясы резонанс жараткан иштерди ЖМКлардан жашырат?

Президент ЭКККМКны журналисттер менен маалыматтарды бөлүшпөгөнү жана мыйзамды жакшы билишпегени үчүн сынга алды

Сооронбай Жээнбеков КФинансы полициясын ЖМКлар менен кызматташпаганы үчүн сынга алды. Бул тууралуу президент Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.
Ал УКМК тарабынан козголгон бардык резонанстуу кылмыш иштери Коопсуздук кеңешинде каралганын эске салды.

- УКМК резонанстуу иштер боюнча ЖМКларга маалымат берет, ал эми Финполиция мындай маалыматты жашырат, - деп белгиледи Жээнбеков. - Эмнеге силер ЖМКлар менен маалымат бөлүшпөйсүңөр? Бул силердин ишиңерге болгон мамилеңер кандай экенин көрсөтөт. Силер мыйзамдарды дагы билбейсиңер.

Мындан сырткары, президент декларациялар тууралуу мыйзамдын жай иштелип чыгып жатканы үчүн өкмөттү дагы сындады.

- Коопсуздук кеңешинин катчысынын докладында «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын жооптуу кызматкерлеринин киреше, чыгаша, милдеттенмелери жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыкканы белгиленген, - деп эске салды Жээнбеков. - Бирок, өкмөт бул чечимдин кабыл алынышын дээрлик бир жылга чейин созуп жүрдү. Мамлекеттик органдар күнөөнү бири-бирине шылтап келишет. Жыйынтыкта, аталган мыйзам долбоору дагы эле кабыл алына элек.

Ал ошондой эле соттук, көзөмөл жана укук коргоо органдарында коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу боюнча укуктук механизмдерди киргизүү процесси дагы созулуп жатканына токтолду.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх