Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кытайдан контрабандалык эт кирдиби? КРнын Мамлекеттик бажы кызматы фейк маалыматка ишенбөөгө чакырат (фото)

Мессенджерлерде кыргызстандыктар активдүү түрдө Кытай өлкөсүнөн келип чыгышы белгисиз 140 тонна эттин киргени тууралуу билдирүүлөрдү таратышууда

Кытайда жайылып жаткан коронавирус учурда Түштүк Корея, Япония, Тайланд, ошондой эле АКШда дагы аныкталды.

500дөн ашык адамдын вируска кабылышы, 17 кытай жаранын өлүмү тууралуу маалымат Кыргызстан жарандарын дагы дүрбөлөңгө салууда.

Бүгүнкү күндө мессенджерлерде кыргызстандыктар активдүү түрдө Кытай өлкөсүнөн келип чыгышы белгисиз 140 тонна эттин киргени тууралуу билдирүүлөрдү таратышууда.

«70 тоннасы Бишкек боюнча тарап кетиптир, гамбургер жана фарш алуудан оолак болгула», - деп жазылган шектүү билдирүүдө.

КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз катчысы Жаманак Мусурканов тарап жаткан билдирүү фейк маалымат экенин Vesti.kg сайтына билдирди.

- Бул чындыкка коошпойт, эч кандай контрабанда болгон эмес, - деп ал ишенимдүү айтты. Билдирүүнүн авторлору деп Санитардык инспекция көрсөтүлүптүр, алар төгүнгө чыгаруучу маалымат даярдашууда.

Ал ортодо Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекция Кытай өлкөсүнөн КРнын аймагына эт азыктарын киргизүү убактылуу токтотулганын маалымдады.

Акыркы жолу Хенань провинциясынан Кыргызстанга2019-жылдын декабрында 48 тонна өрдөктүн төш эти киргизилген. Азык текшерүүдөн өткөндөн кийин гана сатууга түшкөн.

Эске салсак, кечээ Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министрлиги Космосбек Чолпонбаев Кытайдын КРдагы ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь менен жолуккан.

Тараптар коронавирус боюнча маалымат менен ыкчам алмашып тууруга макулдашышкан.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх