Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жаңы билим берүү министри Жээнбековдун мактоосуна арзыды. Саламаттыкты сактоо министрине болсо мактоо буюрган жок

Президент айрым бейтапканалар дагы эле эски ыкмалар менен иштеп жатышканына нааразы

Кыргызстандын айрым ооруканаларында узун кезектер дагы деле байкалууда, алар эски система менен иштеп жатышат. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Ал саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге аймактарда электрондук кезек системасын киргизүүнү тапшырды.

- Ооруканаларда абал кандай экенин өзүңөр көрүп жатпайсыңарбы дагы деле кезектер, - деди мамлекет башчы. - Жеке клиникаларда система башка. Ооруканаларга электрондук система киргизип койсо болот да.

Муну менен бирге Жээнбеков жаңы эле ишке киргенине карабастан жигердүү иш алып бара баштаган билим берүү министрин мактап өттү.

-Жаңы министр катары өз ишиңизди абдан мыкты баштадыңыз. Ушунуңуздан жазбаңыз, - деди ал Каныбек Исаковго.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх