Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Абылгазиев ЖКККББны коррупция дээрлик жокко эсе орган катары сыпаттады

Премьер-министрдин айтымында бүгүнкү күндө эл арасында автоинспекторлор туурасында мындай оң маанайдагы көз караш калаптанууга жетишти

Кыргызстанда коррупцияны жок кылуу үчүн мамлекеттик органдардын ишин санариптештирүү зарыл. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө президент Сооронбай Жээнбеков бир нече жолу өкмөттүн ишин сынга алган. Премьер айтылган сын-дооматка макул болгон.

- Тоо- кен өнөр жайы боюнча жетиштүү иш алып барбай жатканыбызды өзүм дагы түшүнүп турам, - деген Абылгазиев. - Сиз менен чогуу, урматтуу президент, биз толук кандуу иштеп баштадык деп ойлойм. Эл арасында маморгандарга ишеним пайда боло баштады.

Кабмин башчысы Кыргызстанда коррупцияны түп тамырын менен жоюу үчүн мамлекеттик органдардын ишин санариптештирүү керек деп эсептейт.

-Мамлекеттик кызматкер менен жөнөкөй адамдын ортосунда жеке контакт болбогондой кылыш керек, - деп белгиледи Абылгазиев. - 2020-жылдын аягына чейин санариптештирүү процессин жыйынтыкташыбыз керек. ЖКККББнын мисал катары келтиргим келет, ал жакта азыр коррупция жокко эсе. Эл өзү ушинтип айтып жатат.

Гулиза Чудубаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх