Коопсуздук кеңешинин катчысынын сөзүнө карабастан Мамлекеттик экотехинспекциянын директору кызматынан алына элек
Жолдошбек Жунушевдин айтымында ал азырынча өкмөттөн өзүнүн отставкасы тууралуу документ ала элек
Мамлекеттик Экотехинспециянын директору Жолдошбек Жунушев алигиче кызматынан алына элек. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ал өзү билдирди.
Анын айтымында өкмөттөн азырынча аны кызматынан алуу боюнча токтом түшкөн эмес.
- Өзүмдүн жумуштан алынышым боюнча мен пикир билдире албайм, - деди Жунушев. – Муну өкмөттөн барып сурагыла.
Эске салсак, буга чейин Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев журналисттерге берген маегинде Коопсуздук кеңешинин жыйынтыгы менен кызматкерлеринин системалуу паракорчулугуна байланышкан чырдан улам Жунушев ээлеген кызматынан алынарын айткан эле.
Гулиза Чудубаева
Фото www