Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Болот Темировго кол салуу болгон жерде сөз эркиндиги жөнүндө жазуу пайда болду (фото)

Журналист редакциянын кызматкерлерине аңдуу жүрүп жатканын билдирди

Factcheck сайтынын башкы редактору Болот Темировго кол салуу болгон жерде Кыргызстанда сөз эркиндиги буулбагандыгы тууралуу жазуу пайда болду. Бул тууралуу Фейсбук социалдык тармагында журналист өзү жазды.

Дубалдагы жазуунун текстинен бул КРнын Тышкы иштер министрлигинин 2019-жылдын 14-декабрында ЕККУнун ЖМКлардын эркиндиги маселелери боюнча өкүлү Арлем Дезирдин комментарийине берген пресс-релизинен үзүндү экенин түшүнүүгө болот. Анда Кыргызстанда сөз эркиндигине эч кандай чектөө жок экени жана өлкө кабыл алынган эл аралык милдеттенмелерге ылайык демократиянын принциптерине, адамдардык укуктарына жана ЖМКлардын ар түрдүүлүгүнө берилгендикти көрсөтүп келери айтылган.

Болот Темиров аталган жазуунун жанына түшкөн сүрөтүн Фейсбукка жүктөгөн.

«Бизде сөз эркиндиги боюнча бардыгы жайында экени жөнүндө бийликтин расмий пресс-релизи, мага кол салышкан жерде… кызыктуу… Азаттык, Клоп, күч кубат силерге!!!

P.S.: Биздин кеңсени андып жатышпаганда мүмкүн ишенмекмин...», - деп жазган Темиров.

Эске салсак, Болот Темиров үстүбүздөгү жылдын 9-январында Factcheck басылмасынын кеңсесинин жанынан ур-токмокко кабылган. Бул кылмышка шектелип, 4 адам кармалган.
Журналистке кол салууда анын уюлдук аппараты уурдалган.
Vesti.kg сайтына КРнын ИИМнин басма сөз кызматы берген жообуна ылайык аппарат азырынча табыла элек.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх