Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Зулушев: Биздин менталитетке жакпаган, кыргыз жазбаган мыйзамдар эч качан иштебейт

Анын айтымында эл өздөрү тандаган депутаттарды чимкирик деп атап атат

Парламенттик шайлоодо добуштардын сатылышын Кыргызстандын келечегинин сатылышы менен теңесе боло. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына берген маегинде Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев бөлүштү .

Парламент мүчөсү ошондой эле соттук реформа туурасында, талапкерлерди тандоого өтө олуттуу мамиле кылуу керектиги жөнүндө да сөз кылып, жеке мүнөздөгү суроолорго да жооп берди.

Парламенттик шайлоолор жакындап бара жатат. ЖМКларда сиз жаңы «Биримдик» партиясына кирүүнү пландап жатканыңызды жазышууда

Коомчулук менен саясатчылар шайлоого даярдык көрө башташты. Мен - азырынча жок. «Биримдик» партиясынын тизмесинде бар экенимди мен ЖМКлардан уктум. Албетте, биз, депутаттар шайлоого жакын ар кандай партиялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Мен, бирок, азырынча ким менен барарымды чече элекмин.

ЖК депутаттары шайлоодогу босого чекти төмөндөтүүнү сунушташты. Бул ар кандай талаш-тартыштарды жаратууда. Сиздин бул боюнча көз карашыңыз кандай?

Депутаттардын тобу тийиштүү мыйзам долбоорун демилгелешти. Менин билишимче, документ комитетке келип түшкөн, бирок, ал азырынча карала элек. Эми абал мындай: босого чекти азайтууну сунуштап жаткан парламент мүчөлөрүнүн арасында бир жыл мурда, мурдагы бийликтин маалында өздөрү 9 пайыздык босого чекти сунуштагандар дагы бар. Эми болсо азайткыла деп атышат. Мен юрист катары мындай нерселерге өтө принципиалдуу көз караштамын. Тигил же бул эреже үчүн аягына дейре, ал кабыл алынгыча чейин туруш керек деп ойлойм. Андан кийин болсо, сага жагабы-жокпу, мыйзам иштеш керек. 9 пайыз бекитилдиби, жок дегенде бир шайлоо өткөрүп, андан кийин анан ал бизге ылайыктуубу-жокпу байкаш керек. Негизи, босого чекти 7 пайызга чейин азайтышса жаксы болмок.
Биз мыйзамды оюнга айлантып же эксперименттерди жүргүзбөшүбүз керек. Түкүрүк үчүн, жол эрежелерин бузгандар үчүн айып пулдар да так эле ушундай болбодубу.

Мыйзам эч кимди түкүр деп милдеттендирип аткан жок. 5 миң төлөгүң келбейби - анда болгону түкүрбө. Жол эрежелерин бузгандар үчүн айып пулдар боюнча, менимче, баарын ошол бойдон эле калтырып, бирок, тез арада жол чийиндер менен белгилер боюнча көйгөйдү чечүү керек эле.

Сиздин оюңуз боюнча жаңы ЖКке кайсы партиялар өтөт?

Божомол кылгым келбейт, эл өзү тандасын. Кээ бир саясий бирикмелер азыр өз курамдарын өзгөртүп жатышат, дагы өзгөрүүлөр болот. Андыктан, тигил же бул команда көбүрөөк шанска ээ деп азырынча айта албайм.

Коомго пайда алып келген, туруктуу өкмөт түзө алган партиялар өтүшү керек деп ойлойм.

Албетте, бүгүнкү күндө бардык партиялардын максаты - парламенттик шайлоодо жеңүү. Бардык күчтөр азыр ушуга багытталат.

Мен жарандарды партиялык тизмелердеги талапкерлердин резюмесине көңүл бурууга чакырат элем - алар буга чейин кандай жумуштарды аткарышкан, өлкө үчүн эмне кылышкан, туруктуу кишиби же сатылмабы, шайлоого өзүнүн кызыкчылыктары мененби же коом үчүн катышып жатабы.

Бүгүнкү күндө акчасы бар кишиге же жердешине добуш берген заман. Эгерде элдер мындайдан өйдө болуп, бүтүндөй элге пайдасы тие тургандарды шайласа, ошондо алар жаңылбайт.

Сиздин кесиптешиңиз Алтынбек Сулайманов жакында эле кыргызстандыктарды өз добуштарын миң сомго эмес, 10-20 миң сомго сатууну сунуштады

Тамаша иретинде айтты деп ойлойм. Муну ураан катары колдонуунун кереги жок. Кайсы бир жылы Аскар Акаев калктын 80 пайызы судьяларга ишенбейт деп айтып, кийин чын эле сотторго болгон ишеним азайып кеткен. Мындай нерселерди этияттык менен сүйлөш керек.

Бүгүнкү күндө депутаттарды чимкириктер деп атышат, бирок, ошол парламент мүчөлөрүн эл өзү тандаган да. Элдер өзүнүн 5 жылдык өмүрүн 1000 сомго сатып жиберишти. Биз ушуну жарандарыбызга жеткиришибиз керек. Менимче - 20 миңби же 1000 сомбу маанилүү эмес. Мен муну өлкөмдүн келечегин сатуу катары баалайм.

Кыргызстандын бардык президенттери бийликке келерде соттук системада реформа кылуу керектиги жөнүндө жар салышчу. Азыркы учурда өзгөрүүлөр барбы?

Бүгүнкү күндө кабыл алынган мыйзамдардын негизинде бул багытта иш жүрүп жатат. Жакында эле Коопсуздук кеңештин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков соттук система менен укук коргоо органдарынын кызматкерлерин реформа жүргүзбөй жатышат деп катуу сынга алды. Соттук реформа ишке ашырылды деп мен айта албайм. Жаңы кодекстерде абдан көп кемчиликтер бар, анткени, биздин менталитетке жакпаган, кыргыз жазбаган мыйзамдар эч качан иштебейт. Бирок, буга карабастан биз бул нормалар менен дээрлик бир жыл жашап койдук.

Азыркы учурда реформадан соң соттордун билим деңгээли менен тажрыйбалык билимдеринин деңгээли көтөрүлүп кеткен жок. Биз, тескерисинче тажрыйбалуу жана билимдүү соттордон ажырадык, реформа кылабыз деп жатып. Бирок, иш жүрүп жатат. Балким, жакында бир нукка түшөбүз.

Ачык булактарда сиздин үй-бүлөңүз тууралуу маалымат дээрлик жокко эсе экен

Үч балам бар: эки уул жана бир кызым. Кичүүсү 5 жашта, улуулары мектепте окушат. Жубайым балдар менен үйдө.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх