Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кыргыздар менен тажиктер 500 жыл мурда эле коңшу катары эриш-аркак жашап келишкен, дагы 500 жыл чогуу жашашат

Саясат таануучулар профессор Ходжамахмад Умаровдун терс пикирдеги сөздөрүн бүтүндөй тажик элине жармаштырууга таптакыр болбойт деп ишенет

Професоор Ходжамахмад Умаровдун кыргыздар тууралуу терс пикирдеги сөздөрүн бүтүндөй тажик элининин позиция катары кабыл алууга таптакыр болбойт. Саясат таануучу Денис Бердаковдун ою ушундай.
- Тажикстан менен Кыргызстандын жөнөкөй жарандары бири-бирин жек көрүшөт деп ойлобойм, эч качан мындайды байкаган эмесмин, - деди ал Vesti.kg сайтына.

Кечээ-жакында экономика илимдеринин доктору, тажик профессору Ходжамахмад Умаров «Азия-Плюс Таджикистан» басылмасына берген маегинде Кыргызстандын эмгек мигранттарынын ишкердик дарамети жөнүндө терс маанайдагы сөздөрдү айткан эле.

Бердаков ЖМКга сөз сүйлөгөндөрдүн ар бири сөз - чоң күчкө ээ экенин эсинен чыгарбашы керектигин белгиледи. Кенедей бир туура эмес сөз ызуу-чууга алып келиши мүмкүн, өзгөчө, эгерде буга социалдык тармактар кошула турган болсо.

-Бирок, эгерде, Умаров чынында эле бизге жеткендей айткан күндө деле бул бир гана кишинин пикири, - деди ал. - Кыргызстан менен Тажикстан илгертен коңшуларболуп келген. 500 жыл мурда кошуна болчу, буюрса дагы 500 жыл болушат. Бизди байланыштырган нерсе көп. Элдер болсо көп да.

Саясат таанучу Кубат Султанбековдун пикиринде Умаров кечээ-жакында кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн окуяларга байланышкан өзүнүн жеке мамилесинен улам ушундай орой пикирин бөлүшкөн деген пикирде. Бул аны профессордук наамга татыксыз кылат, - дейт ал.

Орусиядагы Кыргызстан менен Тажикстандын эмгек мигранттары боюнча болсо, жумуш берүүчүлөргө аларда иштегендердин улуту деле маанилүү эмес болсо керек, деп белгиледи эксперт Vesti.kg сайтына.

- Мен ишкер болгондо, мисалы, тажикпи, өзбекпи же еврейби - беттерине карабай эле жалдамакмын, башкысы - квалификация да, - дейт ал. – Ал эми Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болгон өлкөнүн жарандары катары кыргызстандыктарга каралган жеңилдиктер жөнүндө айтка турган болсок, эгерде Тажикстан ЕАЭБге кирге, анда тажик мигранттарда дагы ошондой эле жеңилдиктер болот. Россия убада кылдыбы - Россия кылат.

Андыктан, профессордун айткандары эки элдин ортосундагы мамилеге бүлүк салбашы керек.
Саясат таануучу Чынара Эсенгул белгилегендей, эч ким, эч качан, өзгөчө элита бир кишинин (ал ким болсо болсун) айтканы менен бүтүндөй коомдун позициясынын ортосуна барабар белгисин койбоо керек.

- Умаровго окшоп, мындай сөздөрдү айтууга эч ким өзүнө жол бербеши керек, - дейт Эсенгул. – Эч кандай учурда, биз тараптан дагы, кандай мамлекетке карата болбосун: Тажикстанбы, Кытайбы же батыш өлкөлөрүнүн дарегинеби. Мындай ой жүгүртүүнүн өзү туура эмес.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх