Равшан Жээнбеков кармалган камерада самын менен жашылчалар салынган кутуда катылган телефондор табылды
ЖАМКда алардын кызматкерлери кармалгандардын жеке буюмдарын ыргытып, үстүнөн тебелешпегенин айтышууда
№ 21-мекеменин (СИЗО-1) кызматкерлери ЖАМКнын Борбордук аппаратынын жумушчулары менен биргеликте ЖПКнин 82-беренеси, ошондой эле жазык-аткаруу системасынын ички тартип эрежелерине ылайык, алынган маалыматтын негизинде тергөөдөгү камактагылар, анын ичинде ЖКнын мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков кармалып турган СИЗО-1дин режимдик корпусундагы № 307-камерасында пландуу эмес тинтүү амалдарын жүргүзүшкөн.
Тинтүү учурунда азык түлүк (жашылча) салынган кутуда катылган эки уюлдук телефон, ошондой эле кир самындын ичинде амалкөйлүк менен катылган бир телефон табылып, кызматчылар тарабынан алынган. Бардык табылган аппараттар сим-карталар менен болгон. Тинтүү амалдары болжол менен 21:30дан 22:30га чейин жүргөн, муну ЖАМКнын көзөмөлдөө жана анализ борборуна онлайн-режиминде чыгып турган байкоо камералары ырастай алат.
Тинтүүнүн жыйынтыгы менен тийиштүү актылар түзүлгөн.
Жээнбековдун №307-камерада кармалып турган камактагылардын жеке буюмдары, ошондой эле алардын азык-түлүктөрү тинтүү учурунда жерге ыргытылып, кызматкерлер тарабынан үстүнөн тебеленгени чындыкка коошпойт.
Аныкталган мобилдик телефондор боюнча кызматтык текшерүү жүрүүдө.
Ички тартиптин эрежелерин бузуу боюнча СИЗОнун жетекчилиги тарабынан №307-камерада кармалгандардын ар бирине эскертүү берилди. Ушул өңдүү эреже бузуулар кийин кайталана турган болсо мындан катуурак чаралар колдонулат.
Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү Равшан Жээнбеков кармалган камерага барып кабар алып кетишти. Жакынкы арада алар өз сөзүн айтышмакчы.
ЖАМКнын басма сөз кызматы
Фото www