Саймаити боюнча депутаттык комиссиянын отурумуна Раимбек Матраимовду чакыруу сунушу айтылды
Мындай сунушту Мирлан Жеенчороев киргизген
«Республика-Ата Журт» фракциясынан депутат Мирлан Жеенчороев жаран Айеркен Саймаитиге байланышкан жагдайларды иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын отурумуна Раимбек Матраимовду чакырууну сунуштады.Бүгүнкү отурумга анын жактоочулары Канатбек Азиз жана Татьяна Карыжинская келишкен.
Жеенчороев МБКнын төрагасынын мурдагы орун басары отурумга өзү катышышы керек деп эсептерин айтты. Мындан сырткары, эл өкүлү кесиптеши Алтынбек Сулаймановду чакырууну дагы сунуштады.
Ошондой эле, Матраимов боюнча иликтөөнү даярдаган «Азаттыктын» кабарчысы Али Токтакунов менене видое байланыш аркылуу маектешүү идеясы дагы айтылды.
Гулиза Чудубаева
Фото www