Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров Жанар Акаев менен чогуу жаңы партияны жетектемей болду
Жекшемби күнү жаңы саясий бирикменин бет ачары өтмөкчү
ЖК депутаты Жанар Акаев, экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров жана саясат талдоочу Сейтек Качкынбаев башында турган жаңы Либералдык-демократиялык партиясы «Жаңылануу мезгили» аталышындагы бет ачар өткөрмөкчү.
Иш-чара 2-февралда «Асанбай» маданий борборунда өтө турганы белгилүү.
Жаңы партиянын лидерлеринин бири Элдар Абакиров бет ачарда негизинен жаш саясатчылар катыша турганын Vesti.kg сайтына билдирди.
- Эски саясатчылар тизмеде дээрлик жокко эсе, - деп белгилешти алар. - Биз жаш, таза күчтөрдүн башын бириктирмекчибиз.
Абакиров ошондой эле, парламенттик шайлоого барууга ага эмне түрткү болгонун да айтып берди.
- Мен болгону Кыргызстанда реформалардын өтүшүн каалайм, ошол үчүн ушундай чечим кабыл алдым, - деди экономика министринин мурдагы орун басары.
Элдар Абакиров 2016-жылдын май айынан 2019-жылдын июль айына чейин министрдин орун басары кызматын ээлеп келген.
Мекеменин жаңы жетекчиси командасына өз кишилерин алып келүүгө ниеттенген, мындан улам кызматтан кетүү чечимин кабыл алганын ал анда Vesti.kg сайтына түшүндүргөн эле.
Зулайка Эркимбаева
Фото www