­
Депутат Шайназаров АКШ кыргызстандыктарга жергиликтүү НПО уюмдарынын айынан виза берүүнү чектеди деп шек санайт - Вести.kg - Новости Кыргызстана
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Шайназаров АКШ кыргызстандыктарга жергиликтүү НПО уюмдарынын айынан виза берүүнү чектеди деп шек санайт

Америкада кечке эле Кыргызстанда абал кейиштүү деп маалымат жеткирип жатышса анан кулак түрүшөт да, албетте»

Кыргызстан АКШнын иммиграциялык жана «Грин-карт» визаларын берүүгө чектөө коюлган өлкөлөрдүн тизмесине киргендиги тууралуу маалымат коомдук чоң резонанс жаратты.

Америка элчилиги туристтер менен студенттерге визалар мурдагыдай эле бериле турганын айтып жоошутканы менен кыргызстандыктарда нааразычылык сезимдер күч. Көптөгөндөр эми АКШга баруу таптакыр эле мүмкүн эмес деген пикирде.

Жогорку Кеңештин депутаттары дагы өз кезегинде киргизилген чектөөлөр боюнча өз пикирлерин билдиришти.

Парламент мүчөсү Тынчтык Шайназаров түзүлгөн кырдаалга бир нече жагдай себеп болгонун, анын ичинде бейөкмөт уюмдардын иши дагы түрткү болду деп эсептейт.

- Террористтик актылар КРнын паспортуна ээ адамдар тарабынан жасалган актылар болгон, - деп эске салды ал Vesti.kg сайтына берген маегинде. - Бирок, бул бирин-серин гана мисалдар. АКШ тарабынан каржыланган бейөкмөт уюмдар аларга терс маалымат берип жатышканы себеп болушу мүмкүн. Алар кечке эле Америкага Кыргызстанда абал кейиштүү деп айтып жатышса, кулак түрүшөт да, албетте. Менин пикиримде, Кыргызстан 2016-жылы КР менен АКШнын ортосундагы келишимдерди денонсация кылууну демилгелеп, кол койгону дагы таасир этти.

Шайназаров Кыргызстандын ТИМи мындай шартта чечкиндүү чара кабыл алышы керектигин кошумчалады.


Дагы бир эл өкүлү Бахадыр Сулейманов дагы кесиптешинин пикирине кошулду.

- Алар биометрикалык паспортторго шылтап жатышат, - деди ал Vesti.kg сайтына. - Балким, аларды чынында эле техникалык параметрлер канааттандырбайттыр. Алар өз билдирүүсүн дем алыш күнү билдиришкен. Бул чектөөлөр эмнеден улам киргизилгенин дагы изилдеш керек. Биз бул маселени комитетте көтөрөбүз деп ойлоп жатам. Азыр ТИМ жакшылап иштеши керек, анткени Кыргызстан - жайлуу мамлекет да. АКШ менен мамилебиз бизде ынак мамиле болуп келген. Америкада мексикалыктарга окшоп бизден барган нелегалдар жок. Алар бул тууралуу эч качан расмий түрдө жарыялашкан эмес. Албетте, ар бир өлкө эле өзүн нелегалдардан, террористтерден оолак кармап, коргогусу келе. Бирок, маселени чечүү зарыл.

Белгилей кетсек, чектөөлөр АКШнын аймагындагыларга жана визаларын 2020-жылдын 31-январына чейин алып жетишкендерге караштуу эмес.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх