Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өмүрбек Текебаев: Соттук тыюулар парламенттик шайлоого даярдык көрүүнү кыйындатып жатат

 «Ата Мекендин» лидеринин айтымында ал азыр чынында эле телефон жана компьютер колдонбойт

Экс-депутат Өмүрбек Текебаев «Азаттыктын» эфиринде Алмамбет Шыкмаматов «Ата Мекен» партиясынан кеткенден кийин аны менен жолугушууга аракет кылбаганын билдирген.

Анын айтымында, Шыкмаматов ошол бойдон саясий бирикме менен расмий түрдө коштошкон эмес.

- Мен Шыкмаматов кеткенден кийин аны менен жолугушуу издеген эмесмин, - деген Текебаев. - Ал партия меенен дагы, мени менен дагы коштошкон эмес. Кете турганын мен ЖМКлардан билгем.

Мындан сырткары, «Конституциянын атасы» үй камагындагы чектөөлөрү да жөнүндө сөз кылган.

- Мага телефон, компьютер менен колдонууга болбойт, - деп айтып берген ал. - Мына, менин алдымда телефон турат, бирок, мен аны менен эч сүйлөшпөйм. Мен аны блокнот катары эле колдоном. Соттук тыюулар парламенттик шайлоого даярдык көрүүнү кыйындатып жатат. Соттун макулдугу жок мен аймактарга дагы чыга албайм.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх