Канат Сагымбаев: Бизди дааратканага алып баруу үчүн алгач ИИМнин башчысынан уруксат алышты
Атамбаевдин тарапташтары бөгөт чарасын аныктоо учурунда кыйноого кабылышканын айтып чыгышты
Кой-Таш окуяларынан кийин камакка алынган Алмазбек Атамбаевдин мурдагы күзөт башчысы Канат Сагымбаев жактоочусу аркылуу өзүнүн билдирүүсүн жиберген. КСДПнын мүчөлөрү бул билдирүүнү социалдык тармактарда жарыялашты.
«Мен Ак үй жактагылар бизден коркушарына дагы бир жолу ынандым. Бүгүн, 3-февралда саат 15:00дө биздин Биринчи май райондук сотуна камактагы мөөнөтүбүздү 2020-жылдын 9-апрелине чейин узартуу боюнча алып келишкен.
ИИМнин кызматкерлери чогулган журналисттер менен элди көрүп, суукта унаанын ичинде 3 саат кармап отурушту. Алар соттук жараянды атайын кечиктирип жатышты, анткени, журналисттер менен келген элдин тарап кетишин күтүштү.
Ал тургай, дааратканага барып келүүнү суранганыбызда, бизди коштоп жүргөн милициянын подполковниги ИИМдеги өзүнүн жетекчилигине чалып, уруксат сурады. Жооп жарым сааттан кийин араң келгенине караганда, бул маселени жок эле дегенде ИИМнин министри менен макулдашышты окшойт.
Бизди кайтарган спецназдарга көмөктөшүп ЖАМКдан дагы кошумча күчтөрдү алып келишти.
Журналисттер менен досторго чоң рахмат!!!», - деп жазган Сагымбаев.
Кийинчерээк КСДПНын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева анын тарапташтары бөгөт чарасынын каралышын күтүп көп убакыт күткөнгө мажбур болушканын социалдык тармактарда жазган.
«Саат 01:20 болуп кетти, 4-февраль. Кой-Таш окуялары боюнча шектүүлөрдүн бөгөт чарасын аныктоо боюнча сот 3-февралдын 15:00нө коюлган болчу. Шектүүлөрдү ушунча убакыт суусуз жана тамак-ашсыз алгач унаада, андан кийин конвойдук бөлмөдө кармоо - кыйноо эмес эмне?!!
Фарид Ниязов, Равшан Жеенбеков, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, Рыспек Карыпбек уулу, Фархат Баабиев - силерге күч- кайрат!
Бийлик мындай аракеттери менен бизге тескерисинче дем берип, биздин мыйзамсыздык менен системалык реформалар үчүн күрөшүп жатабыз деген ишенимибизди дагы бекемдеп жатканын түшүнүшү керек!» - деп белгилеген ал.
Жыйынтыкта Канат Сагымбаевдин камактагы мөөнөтү 9-апрелге чейин узартылды.
Эске салсак, УКМКнын 9-кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев Кой-Таш окуялары боюнча шектелип, кармалган. Ал бийликти күч менен басып алууну уюштуруу, барымтага алууну уюштуруу, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу - баш аягы 11 кылмыш иши боюнча шектелүүдө.
Фото www