Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

АКШга кирүүгө чектөө: 2019-жылы «Грин-картка» тапшырылган анкеталар эмне болот?

Бишкектеги америкалык элчилик кыргызстандыктардын анкеталары каралабы-жокпу жооп берди

Кыргызстан АКШнын иммиграциялык жана «Грин-карт» визаларын берүүгө чектөө коюлган өлкөлөрдүн тизмесине киргени тууралуу маалымат ачыкталгандан кийин лотереяга өткөн жылы катышууга арыз бергендерде «менин анкетам каралабы-жокпу?» деген суроо туулду.

Буга байланыштуу Vesti.kg АКШнын КРдеги элчилигинин басма сөз кызматына кайрылды.

Дипломатиялык өкүлчүлүк 2020-жылдын 21-февралына чейин тапшырылган арыздар карала турганын айтып жооп беришти.

- Прокламация 9645 КРнын жарандары үчүн 21-февралда күчүнө кирет, бул күнгө чейин АКШнын элчилиги «Грин карт» лотереясы боюнча визаларды берет, - деп такташты алар. - 22-февралдан тарта, Прокламацияга ылайык, АКШНын элчиликтеринин консулдук кызматынын офицери Кыргызстандан арыз берген киши прокламациядан бошотулганбы же виза алууга мүмкүндүк берген өзгөчө жагдайларга ээби, текшерет.

Элчилик иммиграциялык визалар жана виза лотереясы боюнча чечимди күтүп жаткан жарандар кечээ күнү АКШнын Фейсбук баракчасында өткөн баарлашууну окуй алышарын кошумчалашты.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх