Азамат Жаманкулов: Биз россиялык артисттерге көкүрөгү жылаңач чыкпагыла деп тыюу салган эмеспиз
Маданият министри Санкт-Петербург театрынын актерлоруна сахнага жылаңач көкүрөкчөн чыгууга ким жол бербегенин айтып берди
Маданият министри Россиянын «Искушение» театрынын артисттерине Кыргыз улуттук филармониясынын сахнасына жылаңач көкүрөкчөн чыгууга тыюу салган эмес. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына мекеменин башчысы Азамат Жаманкулов билдирди.
Анын айтымында артисттерден саханага сырткы кийим менен чыгуууну филармониянын жетекчилиги суранган. Ал эми, Жаманкулов бул тууралуу кечээ гана уккан.
- Уюштуруучулар менен филармониянын жетекчилиги муну биргелешип макулдашышкан экен, - деп тактады Жаманкулов. - Мен кечээ гана уктум бул жөнүндө. Биз эч кандай тыюу салган эмеспиз, кылбайт дагы болчубуз.
Муну менен бирге маданият министри кесиптештеринин чечимине кошуларын билдирди. Ал филармонияда өтчү иш-чаралардын белгилүү бир форматы бар экенин эске салды.
- Филармониянын директорун деле түшүнсө болот, - деп белгиледи Жаманкулов. - Бул имаратта иш-чараларды өткөрүүнүн форматы бар. Эгерде алар бул постановканы аянтта, Спорт аянтында же башка жерлерде өткөрүшсө, анда эч кандай чектөө болмок эмес.
Тактай кетсек, өтүп кеткен дем алыш күндөрү Кыргыз улуттук филармониясында Санкт-Петербург шаарынын «Искушение» театрынын артисттери театрдык көрсөтүү коюшкан. Жергиликтүү ЖМКлар Маданият министрлиги оюндун концепциясына туура келбегенине карабастан актерлордон сырткы кийимчен сахнага чыгууну суранышканын жазышкан.
Эльдос Казыбеков
Фото www