Кытай бийлигине коронавирус менен күрөшүүгө жардам берелик деген премьердин сунушун Камчыбек Ташиев колдоп чыкты
Мухаммедкалый Абылгазиев министрликтерге кытай өнөктөштөргө гуманитардык жардам көрсөтүү маселесин карап чыгууну тапшырган
Кыргызстан Кытайга коронавирус менен күрөшүү боюнча гуманитардык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кооптуу илдеттин жайылышын алдын алуу боюнча штабдын жыйынында билдирген.
Өкмөт башчы ТИМ, Саламаттыкты сактоо министрлиги жана ӨКМне кытай өнөктөштөргө жардам көрсөтүү маселесин карап чыгууну тапшырганы белгиленди.
Премьердин сунушун Жогорку Кеңештин экс-депутаты Камчыбек Ташиев колдоого алды.
Facebook социалдык тармагында саясатчы Кытай өкмөтү Кыргызстанга өзгөчө кырдаалдарда дайыма жардам көрсөтөрүн эске салган.
«Урматтуу Мухамметкалый Дуйшекеевич!
Сиздин Кытай мамлекетине коронавирусту женууго жардам беребиз деп айтканыңызга коптогон жарандарыбыз туура эмес пикирлерин билдирип жатышат. Бирок, бул сиздин айткан сунуш эң туура деп эсептеймин,себеби Кытай мамлекети биздин өлкөдө болгон өзгөчө кырдаалдар мезгилинде ар дайым биринчилерден болуп жардам берип келишет, эки мамлекеттин министрликтеринин ортосунда келишим да түзүлгөн, ошондуктан мүмкүнчүлүккө жараша коңшу мамлекетте түзүлгөн өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча тез аранын ичинде жардам колубузду сунушубуз керек», - деп жазган Ташиев.
Фото www