АКШнын Кыргызстандагы элчилиги атайын жүк тууралуу: Бул жалган окуяны россиялык троллдор чыгарган
Дипломатиялык өкүлчүлүктө америкалыктар Бишкекке жүк менен накталай акча ташышпайт деп ишендиришти
АКШнын Кыргызстандагы элчилиги америкалык дипломаттар Бишкекке оппозиция үчүн 60 миллионго жакын акча алып келишкени тууралуу «Дело №» гезииинде жарыяланган макала боюнча үн катышты.
Макалада ошондой эле дипломатиялык жүк Бишкекке өткөн жылдын 12-ноябрында, Америка тарабынан каржыланган интернет-басылмалардын Кыргызстандагы коррупция туурасында катуу маалыматтык чабуулуна бир жума калганда келгени айтылган.
АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы Vesti.kg сайтына алар өлкө аймагына акчаны накталай жана жүктөр менен алып келишперин билдирди.
- Бул жалган окуяны Москвада россиялык троллдор чыгарган, - деп түшүндүрүштү алар. - Элчилик жеке колдонууга багытталган жабдыктарды көп алып келет. Биз кыргызстандыктар туура маалыматтар менен жалгандарды айырмалай билишерине ишенебиз.
Зулайка Эркимбаева
Фото www