Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаровдун тарапташтары Бишкекте митингге чыгышат

Нааразычылык акциясы марттын башына пландалууда

Камактагы саясатчы, ЖКнын мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун тарапташтары Бишкекте тынчтык митингине чыгууга ниеттенишүүдө. Бул тууралуу бүгүн басма сөз жыйынында белгилүү болду.

Акция үстүбүздөгү жылдын 2-мартына пландалууда.

Садыр Жапаровду колдоо боюнча коомдук фонддун төрагасы Каныбек Осмоналиевдин айтымында республикалык митинг өткөрүү чечими Түп районунда өткө чогулушта кабыл алынган.

- Бардыгы мыйзам чегинде болот, тынчтык митингин өткөрүүгө чектөөлөр жок, - деди ал.

Эске салсак, Садыр Жапаров 2018-жылы Караколдо 2013-жылы өткөн митингди уюштуруу жана ошол кездеги Ысык-Көл облусунун башчысы Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган. Учурда ал Молдовановка айылындагы № 1-түзөтүү абагында жазасын өтөөдө.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх