Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Коррупцияны кабыл алуу индексинин оңолушу: «КРда реалдуу абал жакшырган жок»

Юристтер бул багытта иш жүрүп жатканын моюндашып, бирок, көйгөйдүн түпкүрүн эч ким козгобогонун айтышат

Коррупция – бул мамлекеттик системанын оорусу, ал бизде качантан бери өзгөрбөй келет. Кыргызстанда коррупцияны кабыл алуунун индексинин оңолгондугу тууралуу маалымат боюнча УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы, көз карандысыз эксперт Максат Мамытканов ушундай пикирин билдирди.
Буга чейин Vesti.kg биздин өлкө Transparency International эл аралык уюмунун рейтингинде 11 сапка өйдө көтөрүлгөнүн жазган эле.

- Transparency International коррупциянын деңгээлин өз көрсөткүчтөрү боюнча баалайт: коррупция фактысы боюнча канча кылмыш иши козголгон, ал тууралуу канча макала жарыяланат, коомдо талкууланабы-жокпу, - деп түшүндүрдү юрист. - Бизде болсо эки кишинин башы бириксе эле коррупция жөнүндө сүйлөшөт, маморгандар коррупция менен күрөшүп жатабыз деп тынымсыз төш кагып жар салып келишет. Оң баа берилгени ушундан, бул күрөшкө дем берүү үчүн.

Бирок, мамлекеттик системаны өзгөртпөй туруп, коррупцияны жеңүү мүмкүн эмес, деп эсептейт эксперт. Анын айтымына, коррупция вирус сыяктуу өңүн өзгөртүп турат. Айрым ийгиликтер болгону менен коррупция жеңилди деп айтууга болбойт.

- Бизде шарттар ошого ылайыктуу болгон үчүн күн сайын пара менен кармалып жатышат, - дейт Мамытканов. – Бюджеттик каражаттарды сарптоодо дагы коррупциондук илинчектер бар. Эмнеге биздин жолдор начар? Анткени, уурдаганга ылайыктуу болуш үчүн атайын ушинтип жасашат. А системаны болсо эч ким оңдоюн деп жаткан жок.
Көз карандысыз эксперт толугу менен жаңы кадрлар сапаттуу жаңы шарттарда гана коррупциондук табитти козгобогон системаны түзө алышмак деп эсептейт.

БШКнын мурдагы мүчөсү, адвокат Эрик Ирискулбеков коррупция менен күрөштүн натыйжалуулугунун башкы критерийи - өлкөнүн жарандары сезе билгендей таасир экенин белгиледи. Бизде башкы көйгөйдүн бири мына ушунда.

-Мен коррупция менен күрөш жүргөн жок деп айта албайм, - деп моюнга алды ал. - Күч түзүмдөрү тигини-муну кармадык деп отчет берип жатышат. Бирок, эмнегедир, коррупция азайган жок. Билим берүү тармагында ал азайганын байкагандар барбы? Же саламаттыкты сактоо тармагында? Паракорду мыйзам боюнча тартипке салуу жеңилдедиби? Мен, мисалы, мындайды байкаган жокмун.

Мындан улам, юрист оң статистикага карабастан бул багытта системдик иш жок деген тыянак чыгарды.

- Коррупционерлерди кармап жатышат, бирок, паракорлукту алдын алуу боюнча аракеттерди мен көргөн жокмун, - деп сөзүн жыйынтыктады Ирискулбеков.
Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова иликтөөнүн авторлору таянган тышкы критерийлер боюнча Кыргызстанда коррупция чындыгында эле азайганына макул болду. Бирок, бул глобалдуу көйгөйдү чечпейт,- деп белгиледи ал.

- Эгерде системанын ичинде болбосоң, сырттан байкап турсаң, анда мыйзамдар дагы козголгон кылмыш иштери боюнча дагы статистика боюнча дагы бизде баары жайында, - деди ал Vesti.kg сайтына.

- Кагаз жүзүндөгү көрсөткүчтөр жакшырганы менен реалдуу абал ошол эле бойдон, - деп сөзүн жыйынтыктады Сооронкулова.

Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх