Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камчы Көлбаевдин бир тууганы бажыда чоң кызматта отурабы? (видео)

 Интернетте кримтөбөлдүн бир тууганы уюштурган отуруштан тартылган сүрөттөр тарады

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин бир тууган иниси Бакыт Асанбек уулу түндүк-чыгыш бажысынын жетекчисинин орун басарлык кызматын ээлейт. Мындай маалымат Фейсбук социалдык тармагында жарыяланган.

Публикацияга Бакыт Асанбековичтин уулунун туулган күнүнө карата өткөн майрамдык кечеден тартылган видео дагы жүктөлгөн. Майрамга МБКнан кесиптештери, достору жана жергиликтүү кеңештин депутаттары келгени жазылган.

Түндүк-чыгыш бажысынын жетекчисинин орун басары Камчы Көлбаевдин бир тууганы экенин Vesti.kg сайтына өзүн атагысы келбеген тартип коргоо органдарынын мурдагы кызматкерлеринин бири ырастады.

Vesti.kg ошондой эле МБКнын басма сөз кызматына да бул боюнча кайрылып, алар Бакыт Асанбек уулу чынында эле түндүк-чыгыш бажысынын башчысынын орун басары экенин тастыкташып, бирок, үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү боюнча пикир айтуудан баш тартышты.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх