Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Таза инсан болсо болду, башкысы». КЛДПнын лидери партиянын съездинде Матраимовдун «өкүл баласынын» катышканы тууралуу ушундай жооп берди

Ошол эле маалда Элдар Абакиров МБКнын башчысынын мурдагы орун басарынын туугандарын алар чакырышпаганын белгиледи

Кыргыз либерал демократиялык партиясынын лидерлеринин бири Элдар Абакиров партиянын съездине Раимбек Матраимовдун өкүл баласы - Нурбек Керимбековдун катышканы боюнча Vesti.kg сайтына жооп берди.

Абакиров иш-чарага бардык каалоочулар катышканын түшүндүрдү.

- Партиянын съездине 600гө жакын адам келди, алардын арасында аймактын өкүлдөрү дагы болду, - деп белгиледи ал. - Биз, чынын айтканда, съездге кимдер катышты билген жокпуз, анткени, бул ачык иш-чара болчу. Раимбек Матраимовдун өкүл баласына биздин тиешебиз жок. Биз аны чакырган эмеспиз.

Абакиров ошондой эле Матраимовдордун үй-бүлөсү менен партиянын эч кандай байланышы жок экенин кошумчалады.

«Матраимовдордун үй-бүлөсүн же жакындарын кабыл алууга даярсыздарбы?» деген Vesti.kg сайтынын суроосуна Абакиров «башкысы, абийирдүү адам болушса болду» деп жооп берди.

- Биз адамдын тазалыгына, абийирине карайбыз, - деп жооп берди ал.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда аэропортто тартылган сүрөт талкууга түшкөн. Сүрөттүн алдында Раим Матраимовдун өкүл баласы ЖКнын депутаты Жанар Акаев жана экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров лидерлери болгон Кыргыз либерал демократиялык партиясынын съездине учканы жатканы жазылган.

Ага чейин factcheck.kg Матраимовдун «өкүл баласы» чындыгында эле КЛДПнын съездине катышканын аныктаган.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх