Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сооронбай Жээнбеков Казакстан ЕАЭБнин келишимдерин бузуп жатканын билдирди

Өлкө башчы кыргыз-казак чек арасында суткалап кезек күткөн жүк ташуучу унаалар боюнча үн катты

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстан Евразиялык экономикалык биримдиктин эрежелерин бузууда деп эсептейт.
Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин алдындагы өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынын жүрүшүндө өлкө башчы коңшу мамлекеттин бийлиги коррупцияга жол ачканын кошумчалады.

- Чек арадан өткөндөн кийин жолдун жээгинде органдардын өкүлдөрү жүк ташуучу унааларды токтотуп, акча талап кылышат, - деди Жээнбеков. - Жүктөр алты күнгө чейин кармалып жатат. Айдоочулар муну айтып арызданышууда.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев учурда бул маселе боюнча Казакстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.

- Алардын айтымында Россияга бара жаткан жүктөрдүн көбү Казакстанда калып калат экен, - деп тактады ал. - Ошондой эле, декларацияларда товардын баасын туура эмес көрсөтүшөт экен. Бул маселе Москвадагы жолугушууда көтөрүлөт.

Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБ боюнча өнөктөштөр биримдиктин эрежелерин, өзгөчө товардын эркин жүрүүү эрежелерин сакташы керектигин белгиледи.

- Жашырганда эмне, коңшулар келишимди бузуп жатышат, - деди президент. - Бул анын үстүнө адатка айланды. Өткөн жылы дагы ушундай эле абал болгон. Биз кайда барышыбыз керек? Биздин товарлар ЕАЭБ рыногуна чыгыш керек. Биз биримдикке ушул үчүн киргенбиз.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх