Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясынын алдындагы Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси кызматынан кетти

 

Сауле Мейрманова ңз каалоосу менен иштен кетүү боюнча арыз жазган

Бишкек мэриясынын алдындагы Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманова ээлеген кызматынан кетти. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына шаардык мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди.

Анын айтымында Мейрманова өз каалоосу менен иштен кетүү боюнча арыз жазган.

- Эки күн мурда арыз жазган, бүгүн ага мэр кол койду. - Учурда билим берүү башкармалыгынын башчысынын милдетин убактылуу бул мекеменин жетекчисинин орун басары Наталья Никифорова аткарып турат. Эки айдын ичинде сынак жарыяланып, жаңы жетекчи дайындалат.

Мейрманова бул кызматта 5 жылдан ашык убакыттан бери аркалап келе жаткан.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх