Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президенттик аппараттын кызматкерлери Ширин Айтматова менен жолугушту

Баарлашуу «Үмүт-2020» кыймылынын кеңсесинде өттү. Активисттер дале Сооронбай Жээнбеков менен кезигүүгө умтулушууда

Президенттик аппараттын өкүлдөрү акыры Жогоорку Кеңештин экс-депутаты Ширин Айтматованын өтүнүчүнө кулак төшөп, «Үмүт-2020» кыймылынын мүчөлөрү менен кезигишти. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына кыймылдын лидерлеринин бири Нурсултан Акылбек маалымдады.

Анын айтымында жолугушуу «Үмүт-2020» кыймылынын кеңсесинде өткөн. Активисттер «уурулар менен реалдуу күрөш» жүргүзүүнү суранып, ошондой эле Кыргызстанда сөз эркиндиги коркунуч алдында экенин билдиришкен.

- Биз уурулар менен реалдуу күрөш кылуу керектигин айттык, - деди Акылбек. - Раимбек Матраимовду өзгөчө белгиледик. Президент эл тарапта болушу керектигин билдирип, биздин тарапташтарыбызды куугунтуктоону токтотууну сурандык.

Мындан сырткары, Нурсултан Акылбек алар мурдагыдай эле Сооронбай Жээнбековдун өзү менен жолугууга үмүт артып жатышканын кошумчалады.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын январь айынын башында Ширин Айтматова Твиттердеги баракчасына президент Сооронбай Жээнбеков менен кезигип, Кыргызстандагы коррупция маселесин талкуулагылы келерин жазган.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх