Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Каттоо кызматынын айрым кызматкерлери өз батирлеринде 400-500дөн адамды каттатып алышыптыр»

Кыргызстанда шайлоо алдында электоралдык көз боемочулук менен алектенген күчтөр пайда болдубу?

«Мекеним Кыргызстан» партиясы 12-апрелде жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо өтө турган шаарларда калктын санынын жасалма өсүшүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирет.

Эл арасына кеңири таралган мындай окуя шайлоону өткөрүүгө жооптуу ыйгарым укуктуу жактардын көңүл сыртында калбашы керек деп эсептейбиз. Шайлоо жараяны белгиленгенден бери Ош, Токмок, Каракол, Балыкчы жана Майлуу-Суу шаарларында көп сандагы ички мигранттардын каттоого туруусу акыйкатсыздык аркылуу ийгиликке жетүү жолун тандаган күчтөр пайда болгонун көрсөтүп турат. Мындай схемалар шайлоочулардын эркин шайлоосунун чыныгы жыйынтыгын бурмалоо үчүн колдонула тургандыгы айкын болуп турат.

Шайлоодогу фальсификацияга жол бербөө максатында биз жергиликтүү кеңештерге 2020-жылдын 12-апрелинде шайлоо өтө турган шаарларда көчүп келгендерге паспорт алмаштырууну жана каттоого турууну убактылуу токтотуп туруу зарыл деп эсептейбиз. Чектөө 2-апрелге – шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн акыркы күнүнө чейин иштеши зарыл. (Документтин мөөнөтү бүткөн жана 18 жашка толгон учурларды кошпогондо).

БШК жана компетенттүү органдар тарабынан шайлоолордун жыйынтыгына алдын ала таасир этүү аракеттеринин кандай түрү болсо дагы токтотулуп, тартипке салуу боюнча толук чаралар көрүлүүгө тийиш. Бул тескери аракеттер Кыргызстандын шайлоо тутумуна карата ишенимге олуттуу түрдө доо кетүүсү ыктымал.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы алдыда турган шайлоолордун бардык катышуучуларын мыйзамсыз аракеттерди колдонуудан баш тартууга чакырат. Шайлоочулардын добушун ким чынчыл жана ачык күрөштө алууга жетишсе ошол эл тарабынан жеңүүчү деп таанылышы шарт.

 Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх