Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азимбек Бекназаровдун уулу: Атам Малайзияда эс албайт (фото)

Кыргызстандын жаңы элчисин үй-бүлөсү аэропорттон узатты

Экс-генпрокурор Азимбек Бекназаров Малайзияга учуп кетти. Бул тууралуу анын уулу Руслан Фейсбуктагы баракчасына жазган. Руслан Бекназаровдун айтымында атасы эс алуудан баш тартып, Малайзия менен эки тараптуу алаканы сөзсүз жакшыртат.

«Малайзияга узаттым.Таманыңарда бейишим. Жаратканга миң шүгүр, силерге уул болууну насип кылган.
Атамдын мүнөзүн жакшы билем. Эс алуу эмес, эки өлкөнүн мамилесинде, катташында, алыш-беришинде өзгөрүү сөзсүз болот.
Биздин үй-бүлө канчалаган сыноодон өттүк. Биз сынбадык жана сынбайбыз. Күчтүү эркектин артында күчтүү аял турат.
Аллах силерге адам затына арнаган жакшылыгын аябасын. Жашооңуздар пайдалуу жана берекелүү болсун»,- деп жазган саясатчынын уулу.

Эске салсак, Азимбек Бекназаров президент Сооронбай Жээнбековдун 27-декабрда кол койгон жарлыгы менен Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалган.

Көптөгөн кыргызстандыктар анын дайындалышы боюнча түрдүү көз караштарын билдиришип, көбү Бекназаров англис жана малай тилдерин билбесин айтышкан. Сындап чыккандардын арасында Жогорку Кеңештин дагы депутаттары болгон, атап айтсак Ирина Карамушкина Бекназаровдун талапкерлигине нааразы болуп, анын тийиштүү дипломатиялык тажрыйбасы жок экенин айтып чыккан.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх