Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сооронбай Жээнбеков парламентте: Мен шайлоо алдында берген убадаларымды аткардым

Президент жогорку бийлик бутактарындагы айрым аткаминерлерине каршы ачык күрөш жүрүп жатканын билдирди

Экономика маселер боюнча вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, чек ара маслелери боюнча вице-премьер-министр Акрам Мадумаров жана өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров Жогорку Кеңештин жыйынын алдында ант беришти.

Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнө кайрылып жатып, ант берүү менен аткаминерлер элдин алдында жоопкерчилик алышарын белгиледи. Мамлекет башчы кабминге ийгилик каалап өттү.

- Бардык бийлик бутактардын биргеликте иштеп баштаганына эки жылдан ашык убакыт өттү, - деди президент. - Мен аймакиарды өнүктүрөбүз, коррупция менен күрөшөбүз, санариптештирүү киргизип, элди таза суу менен камсыз кылабыз деп убада кылгам. Мен президентикке талапкер кезимде берген убадаларымды аткардым. Өлкөдөгү туруктуулук менен тынчтыкты сактоо үчүн болгон аракеттерди көрүп жатабыз. Бул багыт биздин көп улуттуу өлкөбүз үчүн негизги болуп саналат. Биз ишкерликтин өнүгүшүн камсыздоого жана аймактарда жумушчу орундарды түзүүгө ылайыктуу шарттарды түздүк. Биз коррупция менен күрөштү улантып жатабыз. Жогорку бийлик бутактарындагы айрым аткаминерлерине каршы ачык күрөш жүргүзүүдөбүз. Бул жумуш уланып, күчтөндүрүлөт.

Мындан сырткары, мамлекет башчы бардык мамлекеттик органдар электрондук башкарууга өтүшү керектигин билдирди.

Биздин жарандарга электрондук форматта көрсөтүлгөн бардык мамлекеттик кызматтар жеткиликтүү, - деп сөзүн улантты Жээнбеков. - Дүйнөнүн бардык өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан да кыска аралыкта «Түндүк» системасын киргизгени үчүн алкышка арзыган. «Коопсуз шаар» долбоорунун киргизилиш менен жол кырсыктары дээрлик 50 пайызга кыскарды. Биздин өнөктөштөрүбүз менен жемиштүү жолугушуулар болуп өттү. Биз Евро биримдик менен кызматташууну кеңейтүү жөнүндө макулдашууга кол коюнун алдындабыз. Ушул жылы Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгын эң жогорку деңгээлде өткөрүүнү пландап жатабыз. Биз аталарыбыздын улуу эрдигин эч качан эсибизден чыгарбашыбыз керек. Аларга терең таазим.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх