Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акыйкатчы УКМКга ишенбөөгө негиз жок экенин, андыктан СИЗОдогу Атамбаевди көрүүгө барбай турганын билдирди

Токон Мамытов мурдагы президенттин абалын дарыгерлер күнү-түнү көзөмөлдөп жатышканын эске салды

Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов УКМКнын СИЗОсунда камакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ден-соолугу начарлаганы жөнүндө маалыматтан улам андан кабар алып келүүнү пландаган жок. Бул тууралуу акыйкатчы Vesti.kg сайтына берген маегинде өзү билдирди.

Эске салсак, кечээ мурдагы президенттин уулу Сеид Атамбаев атасынын ден-соолугу начарлап, кан басымы абдан төмөндөп кеткенин социалдык тармактарда жазган.

Мамытов УКМКдан тынчсызданууга эч кандай негиз жок экени тууралуу маалымат алганын тактады.

- Дарыгерлер СИЗОдо күнү-түнү Атамбаевдина абалын көзөмөлдөп жатышат, - деп белгиледи акыйкатчы. - Улуттук коопсуздук кызматына ишенбөөгө менде негиз жок.

Токон Болотбекович ошондой эле жактоочулар СИЗОго көз карандысыз дарыгерлерди чакырууга ниеттенишсе, алгач бул маселени тергөөчүлөр менен чечүүлөрү керек экенин кошумчалады.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх