Исхак Масалиев: Эгерде президент кандайдыр-бир идеяны сунуштаса, парламент аны сөзсүз колдойт
Депутат кесиптештерин 5 пайыздык босого чекке добуш берүүгө үндөмөкчү
Жогорку Кенеш, президенттин сөздөрүнө кулак төшөп келе жаткан парламенттик шайлоодо 7 пайыздык босого чекти бекитет го, кыязы. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына депутат Исхак Масалиев бөлүштү.
- Мен парламентте канча жылдан бери иштеп келатам жана эгерде президент кандайдыр-бир жагдай боюнча өз пикирин ачык айтса, депутаттар анын сөзүн угуп макул болушат деп ойлойм, - деп кейиди ал. - Бул жолу мамлекет башчы босого чек тууралуу сүйлөдү, эми биздин мыйзам долбоору өтпөй эле калат го деп божомолдоп турам.
Исхак Абсаматович кесиптештерин көндүрүү үчүн болгон аракетин кыларын кошумчалады.
-Босого чекти 5 пайызга чейин азайтуу боюнча мыйзам долбоору учурда парламенттин кароосунда турат, - деп тактады ал. -Палатанын талкуусуна кийинки жумада чыгарылат болушу керек.
Эске салсак, буга чейин Vesti.kg сайты Исхак Масалиев башка депутаттар менен биргеликте шайлоодогу босого чекти 5 пайызга азайтуу боюнча мыйзам долбоорун даярдагын жазган. Учурдагы мыйзамдар боюнча босого чек 9 пайызды түзөт.
Фото www