Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мирлан Жеенчороев: Бабановдон материалдык жардам сурап кайрылуу уят

«Республиканын» лидери кесиптеши Максат Сабировдун Ысык-Көл облусунун таасирдүү адамдары менен жолукту делген маалымат боюнча үн катты

ЖК депутаты, «Республика» партиясынын төрагасы Vesti.kg сайтына маек куруп, саясий бирикмени жетектөөгө даяр беле, партиянын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов аларга акчалай жардам көрсөтүп жатабы, келе жаткан парламенттик шайлоодо «Республика» кандай үмүттөрдү артууда жана кесиптеши Максат Сабиров Ысык-Көл облусунун таасирдүү адамдары менен жолукканы чынбы-жокпу айтып берди.

Өмүрбек Бабанов 2019-жылдын 20-декабрына чоң саясаттан кеткенин билдирди. Анын сунушунан кийин сиз добуш берүү жолу менен «Республиканын» лидери болуп дайындалдыңыз. Бабановдун чечими сиз үчүн күтүүсүз болдубу?


Ал күн мен үчүн күтүүсүз болгон жок. Бул бардыгыбыз биргеликте келген чечим болгон. Партиянын мурдагы лидери менин талапкерлигимди көрсөттү. Мен «Республиканын» жетекчилик кызматына келүүгө умтулчу белем? Менимче, партияга кирген ар бир адам жетекчилик орундарга барууну максат кылат. Мен партиянын айрым аткаруучу органдарында болдум. Өз милдеттеримди аткаруу мен үчүн сыймык болчу, «Республиканын» ушул күнгө чейинки ийгиликтүү иштерин андан ары улантсам дейм.

Партияга байланышкан маселелерди Өмүрбек Бабанов менен макулдашасыздарбы?

Биздин партияда тажрыйбалуу саясатчылар жана коомдук ишмерлер абдан көп. Жамааттык негизде чечим кабыл алынчу саясий кеңеш бар. Биз Бабановдун чечимдерин урматтайбыз. Ал баштаган партиялык иштерди биз улантып жатабыз.

Сиздин кесиптешиңиз Кенжебек Бокоев «Азаттыкка» берген маегинде, Өмүрбек Бабанов партияны каржылабай калганын айтты…

Кенжебек Сатымкулович анын сөздөрүн контексттен сууруп алышканын билдирди. Өмүрбек Токтогулович саясаттан кетти. Ал бизнес менен алектенүүдө. Партияда бизди колдогон адамдар абдан көп. Бизнес адамдары, коомдук кишилер бар. Партиянын каржылануусу жалгыз Бабановдун мойнунда эмес болчу. «Республика» дайыма биздин партиянын активдүү мүчөлөрү берген каражаттардын негизинде каржыланчу. Партиянын жашоосунда катышпаган адамдан материалдык жардам суроону биз уят деп эсептейбиз. Биз ага мындай өтүнүч менен кайрылган эмеспиз. «Республиканын» өзүнүн булактары, активисттери жана тарапташтары бар.

«Республика» келе жаткан парламенттик шайлоолордо катышпайт экен деген имиштер жүрүп жатат...

«Республика» шайлоодо катышат. Партиянын буга электоралдык дарамети жетет. Саясий кеңеште жана партиянын мүчөлөрүнүн арасында да абдан белгилүү саясий ишмерлер бар, алар Жогорку Кеңештин депутаттары эле эмес. Албетте, Бабановдун партиядан кетиши - биз үчүн чоң жоготуу болду. Ал партиянын негиздөөчүсү, атасы. Абдан харизматикалык адам. Бүгүнкү күндө биз күзгү шайлоого билегибизди түрүп даярбыз. Ишке ашырыла элек программдык маселелер, көптөгөн жаңы платформаларыбыз бар. Биз мекенибизди экономикалык жактан өнүккөн жана саясий туруктуу өлкө катары көргүбүз келет. «Республика» партиясы жеке көз карашка ээ. Жогорку кеңеш - биздин программалык маселелерибизди ишке ашырууга мүмкүндүк берген аянт. Босого чектен ашып өтүүдө бизде көйгөй болбогонун тарых тастыктайт. Биз башынан конструктивдик оппозицияда жүргөнүбүзгө карабастан шайлоочулардын колдоосун дайыма сезип келгенбиз.

Сиздердин айрым партиялаштарыңыздар Өмүрбек Бабанов менен да, Камчыбек Ташиев менен дагы байланыштары жок экенин айтканыңыз бар. Фракция ичиндеги абал учурда кандай?

Ооба, калыстык үчүн айрым депутаттардын алар менен байланышы жок экенин айтып коюу туура болот. Бул жалпы саясий системанын чийкигилигин айгинелейт. Биз партиялык системага өткөнүбүзгө аз эле убакыт болду. Менимче, бул өсүүнүн көйгөйү. Адамдар партияга кандай идеологиялык негиз, көз караштар менен киришти - ошону түшүнүшү керек.

Соцтармактарда сиздин кесиптешиңиз Максат Сабиров «Республиканын» ЖКнын кийинки чакырылышына кирүүнү камсыздоо үчүн Ысык-Көл облусунун таасирдүү адамдары менен жолукканын жазып жүрүшөт. Жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында ал ЖКнын депутаттыгына өтүүгө көмөктөшөсүңөр деп талапкерлерге финансылык жардам сунуштаган имиш.

Биз уюштуруу-тартуу иштерин жүргүзүп жатабыз. Команда чогултуудабыз. «Республика» партиясынын кээ бир активисттер чыгып кетти, «Республика – Ата Журттан» аймактарды караган айрым депутаттар кетти. Бүгүн Максат Сабиров эле эмес, биз бардыгыбыз партияга жаңы мүчөлөрдү, жергиликтүү лидерлерди тартуунун үстүндө иштеп жатабыз. Партиянын ар бир мүчөсү белгилүү бир аймакта иш алып барат. Мисалга, Максат Сабиров Ысык-Көл облусу боюнча партияга жаңы мүчөлөрдү киргизүү менен алек. «Республиканын» идеяларын, максат жана маселелерине кошулган адамдарды биз ЖКнын депутаттыгына көрсөтүшүбүз мүмкүн. Бтз өлкөнүн бардык облустарында иш алып баруудабыз. Бизде тенденция жашкы экенин белгилеа кете алам.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында жарандардын массалык каттоого турушу боюнча чыр чыкты. Жанар Акаев шайлоону эки айга жылдырып, акыркы жарым жылда каттоосун алмаштырган жарандарга шайлоого катышууга тыюу салууну сунуштады. Кесиптешиңиздин пикирине кошуласызбы?

Бул жерде Конституцияны бузуу фактысы болуп жатат. Анткени, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары тууралуу бөлүмдө жергиликтүү бийлик органдары жергиликтүү коомчулук тарабынан шайланары жазылган. Бүгүн элдер негизги мыйзамдын маңызын өзгөртүүгө аракет кылышууда. Бул көйгөйлөрдү биз парламентте көтөргөнбүз. Башкы прокуратура Ошто кылмыш ишин козгоду. Каракол жана Токмокто да мындай фактылар иликтениши керек деп ойлойм. Каттоо кызматы үч шаарлардагы кызматкерлерин жумуштан алуу чечимин кабыл алды. Демек, резонанс жаралды. Прокуратура да бул ишмердик менен алектенген адамдарды жоопкерчиликке тартышы керек деген пикирдемин. Алардын арасында каттоо кызматкерлери эле эмес, паспорттук маалыматты чогулткандар дагы бар.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх