Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Караколдогу окуу жайлардын биринин турак эмес имаратына 100дөн ашык адамды каттоого тургузушкан

Ал эми прокуратуранын маалыматына ылайык, Оштогу үйлөрдүн бирине 900дөн ашык кишини каттап коюшкан, үйдүн ээси алардын бирин да тааныбайт

УКМК Ош жана Каракол шаарларында шаардык кеңештердин депутаттарына өтө турган шайлоонун алдында туруктуу жашаган жери боюнча жарандардын массалык түрдө катталып жатканын аныктаган.

Атап айтсак, 2020-жылдын январь-февраль айларында калкты паспорт менен камсыз кылуу жана каттоо органдары Ош шаарында 35 895 адамды, Караколдо - 3150 адамды каттоого тургузган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө каттоо кызматынын айрым жооптуу кызматкерлери турак жай ээсинин макулдугусуз жана мыйзам тарабынан белгиленген керектүү документтерсиз эле жарандарды туруктуу жашаган жери боюнча каттап коюшканы белгилүү болгон

Ош шаарындагы даректердин бирине 700дөн ашык жаран, башка дарек боюнча 1000ден ашык адам катталган. Бирок, чынында бул даректер боюнча учурда эч ким жашабайт.

Дагы бир мисал - турак жайлардын биринде 900дөн ашык киши катталган, ал эми үйдүн ээси алардын бири да тааныбайт жана каттоого турууга эч кандай макулдук берген эмес.

202-жылдын 19-февралында Ош шаарындагы каттоо кызматынын айрым кызматкерлеринин мыйзам бузуулары КРнын Жазык кодексинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 320-беренесинин 2-бөлүгү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.


Каракол шаарынын калкты паспорт менен камсыз кылуу жана каттоо бөлүмү окуу жайлардын биринин турак эмес имаратында 100дөн ашык жаранды каттаганы аныкталган. Калкты каттоо бөлүмүндө алар боюнча кандайдыр-бир документтер табыган эмес.

Үстүбүздөгү жылдын 19-февралында Ысык-Көл облусунун прокуратурасы тарабынан мыйзам бузуу фактылары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.


Учурда прокуратура органдары жарандарды каттоодо «Ички миграция жөнүндө» мыйзамдын эрежелеринин сакталышын текшерүүнү улантууда.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх