Сот Россиядагы ата-энеси менен көрүшүп келейин деген Кубанычбек Кулматовго өлкөдөн чыгууга уруксат берген жок
Адвокаттын айтымында Бишкектин экс-мэринин апасы ооруп калган
Сот үй камагындагы Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматовго Россиядагы ата-энеси менен көрүшүп келүүгө уруксат берген жок. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.
- Анын ата-энеси улгайган кишилер, апасы ооруп жатыптыр, Кыргызстанга өзүлөрү келе алышпайт. - Кулматов соттук жараяндардын ортосунда аларга 3-4 күнгө барып келүүгө ниеттенген. Бирок, сот уруксат берген жок.
Эске салсак, 23-декабрда Ленин райондук сотунда Бишкек шаарынын экс-мэрлери Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовго карата соттук териштирүү аягына чыккан.
Кулматов 5 млн сом айып пулга жыгылып, соттун залынан бошотулган. Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылды.
Зулайка Эркимбаева
Фото www