Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нарында кезектеги митинг өттү. Чогулган эл Кытайдан келген кызматкерлерди карантинде кармоону талап кылышууда (видео)

Нааразычылык акциясына 50гө жакын адам чыккан

Нарын облусунун Жумгал районунун жашоочулары кечээ «Түндүк-түштүк» жолунун курулушуна иштөөгө Кыргызстанга келип жаткан кытайлык жарандарга каршы митингге чыгышты.

Нааразычылык акциясынан тартылган видео соцтармактарда тараган. Жергиликтүү эл Кытайда тарап жаткан коронавируска байланыштуу Нарынга жаңы жумушчулардын келишине каршылыктарын билдиришкен.

Жумгал районунун акими Адыл Сапаров Vesti.kg сайтына берген маегинде митингчилер чынында Кытайдан келген жарандарды толук 14 күн карантинде кармоону талап кылышканын тактады.

- Алар болгону жумушчулар 14-15 күн карантинде кармалып анан ишке киришсин деген талаптарын коюшту, - деп түшүндүрдү район башчысы. - Бирок, азыр кыш болгондуктан, жумуш али баштала элек. Элдин суранычтарын биз «Чайна Роуддун» жетекчилигине жеткиздик.

Сапаровдун айтымында митингде 60ка жакын адам катышкан.

- Бир нече айылдын жашоочулары келишти, - деди ал. -Аларга түшүндүрүү иштерин жүргүздүк, - деди ал. Кытайдан келген бардык жарандар текшерүүдөн өтүшөрүн айттык. Эч ким курулуш иштерин үзгүлтүккө учуратайын деген жок. Эл компаниянын ишине каршы эмес.

Соцтармактарда ошондой эле ишканага коронавирустун очогу - Ухань шаарынан бир нече адам келгени тууралуу да маалымат тарап кеткен.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Vesti.kg сайтына бул маалыматты четке какты.

- Ухандан Кыргызстанга болгону биздин студенттер гана келишкен, алардын бардыгы карантинге киргизилген, - деп такташты мекеменин басма сөз кызматынан. - Бул шаардан Кытайдын жарандары келген жок.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх