Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өкмөт Тажикстан менен жер алмашуу болгону тууралуу маалымат боюнча үн каткан жок

Коңшу мамлекеттин ЖМКлары сөз 23 гектар жөнүндө болуп жатканын маалымдашууда

Өкмөт дем алыш күндөрү сүйлөшүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан менен Тажиккстандык чек аралаш аймактарында жайгашкан жер тилкелерин алмашуу чечими кабыл алгандыгы айтылган маалымат тууралуу азырынча үн ката элек. Бул тууралуу кабминдин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Бул маселе боюнча үн катууга азырынча эрте деп эсептейбиз, - деп айтылган билдирүүдө. - Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитация жана демаркация маселелерин иштеп чыгышууда».

Буга чейин «Азия-Плюс» тажик агенттиги эки өлкө өкүлдөрү 23 гектар жерди алмашууга макулдашышканын жарыялаган.
«Тажикстандын вице-премьери Азиз Иброхим жана Кыргызстандын вице-премьери Акрам Мадумаровдун жетекчилиги алдында өткөн жыйында тарыхта алгачкы жолу эки тарап чек аранын талаш жеринде жайгашкан 23 гектар жерди алмашуу боюнча макулдашышты», деп журналисттер «тажик делегациясына жакын булактын» сөздөрүнө таянып жазышкан. Ал алмашууга макулдашылган жердин жарымы Тажикстанга, жарымы Кыргызстанга таандык экенин тактаган. Кайсы аймактар жөнүндө сөз болуп жатканын булак так белгилеген эмес

Өтүп кеткен дем алыш күндөрү Баткенде Тажикстан менен Кыргызстандын мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркация боюнча өкмөт аралык комиссиясынын кезектеги жыйыны болуп өткөн.

«Эки өлкөнүн делегация башчылары – вице-премьер-министрлер - Акрам Мадумаров жана Азим Иброхим кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелериндеги сызыкты мындан ары чийүүнү күчөтүү зарылдыгы, делимитациялоого чейин Баткен району менен Исфара шаарынын ортосундагы сызыктагы туташ болбогон жана ортодо калган тилкелерди чечүү маселесинде өз ара толук түшүнүшүү бар экенин билдиришти», - деп жазылат КРнын өкмөтүнүн билдирүүсүндө.


Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх