Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Чыпалак баатыр» ЖКнын депутатты аталып, коррупционерлерди катуу жазаламакчы

Зарылбек Аликеновдун айтымында анын партиясы аркылуу Кыргызстанда метро менен ылдам жүрүүчү поезддер пайда болот

«Чыпалак баатыр» каймана аты менен белгилүү болгон кыргызстандык Зарылбек Аликенов келе жаткан парламенттик шайлоого аттанарын билдирди. Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасында ал билдирүү калтырып, партиясынын аты «Күчмен» экенин ачыктаган.

Чыпалак баатыр ошондой эле депутаттык мандаты колго тийгенден кийин чече турган көйгөйлөрдү да тизмектеген.

Аликенов Кыргызстандын мамлекеттик чек аралалары боюнча бардык маселелер чечилерин айтып ишендирген. Ошондой эле, өлкөдө метро, ылдам жүрүүчү поезддер пайда болуп, жаңы заводдор салынат имиш. Мамлекеттик тил жана ата мекендик тарыхты өнүктүрүүнү ал биринчи орунга коймокчу.

Коррупция боюнча болсо, «Чыпалак баатыр» аларга карата өлүм жазасына чейинки катуу чараларды көрөрүн билдирген.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх