Жогорку сот Азимжан Аскаровдун ишин кайра карап чыгат
Соттук отурум бүгүн өтөт
Бүгүн Жогорку сотто Азимжан Аскаровдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра карап чыгуу жараяны өтөт.
КРнын Жогорку сотунун маалыматы боюнча отурум бүгүн 14:30да башталат.
Эске салсак, буга чейин жаңы мыйзамдарга ылайык өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши Чүй облустук сот тарабынан каралып, өзгөртүүсүз калтырылган.
Аскаров 2010-жылдагы июнь окуяларынан кийин массалык башаламандыктарды уюштурууга жана милиция кызматкерин өлтүрүүгө катышууге шектелип кармалган.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз