Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өкмөт: Абылгазиев Текебаев менен полемикага түшүү зарыл эмес деп эсептейт

«Ата Мекендин» лидеринин сыны боюнча үн катып, аны шайлоо өнөктүгүнүн жакындап калганы менен байланыштырды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өмүрбек Текебаевдин өлкөдөгү абал боюнча айткан эмоционалдуу кебине жооп берүү зарыл эмес деп эсептейт. Формасы боюнча абдан образдуу жана маңызы жактан субъективдүү сындарды шайлоо өнөктүгүнүн жакындап калганына байланыштуу. Анын үстүнө мыйзам менен көйгөйлөрүн алигиче чече элек саясатчынын азыркы абалын дагы эске алуу зарыл. Биз жөнөкөй логикага каршы түкүрүк үчүн айып пулду, чет өлкөлүк студенттерди, ал тургай логистикалык борборду башаламан үйүп салган Өмүрбек Текебаевдин сөздөрүн түшүнүү менен кабыл алабыз.

Айрым саясатчылардын эс-тутуму өтө кыска болот. Мисалы, Кызыл-Омполдогу уран кенине байланыштуу Текебаев учурдагы өкмөттүн иши ордунан чыкпай калганы катары көрсөтүүдө. Чындыгында уранды чалгындоого лицензияны 2013-жылы өкмөт берген. Ошол өкмөттү ал кезде Текебаев алдыңкы ролду ойноп турган башкаруучу коалиция түзгөнүн унутуп калдыбы? Ал эмне үчүн ошол учурда унчуккан жок?

Түкүрүк үчүн айып пул каралган, чийки, чала иштелип чыккан Бузуулар жөнүндө кодексти кесиптештери жарандар менен талкуулабай туруп кабыл алып жатышканда эмнеге биз анын үнүн уккан жокпуз? Элдин парламент кандай жаңы эрежелерди киргизип жатканы боюнча кабары болгон эмес. Учурдагы өкмөт шашылыш түрдө күчүнө кирген Кодексти тууралап, көзөмөлдөө жана айып пулдарды чогултуу тартибин иштеп чыгып, эбегейсиз көп иштерди уюштурууга мажбур болгон. Бирок, өкмөткө мураска калган өлкө үчүн кооптуу, акырындап жарылчу миналардын тизмесин улантууга болот.

Коомчулук карасанатай максаттарды көздөгөн белгилүү саясатчылар премьер министр Мукамметкалый Абылгазиевди ар кандай дискуссияга тартып, аны байма-бай отставкага «кетиришерине» көнүп деле калды. Мындай аракеттер парламенттик шайлоо алдында эки эсе күч менен көрүлөрүн божомолдоо кыйын эмес. Премьер-министр мындай абалга түшүнүү менен мамиле кылат жана мурдагыдай эле башкы маселе - күнүмдүк ишке басым кылууну туура көрөт. Бул иштердин жемишин эң биринчи жарандар сезиши керек, алардын баалоосу премьер-министр үчүн эң биринчи орунда.

Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү
фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх