Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кой-Таштагы окуялар боюнча шектүүлөргө айыптоо актылары тапшырылды

Айыпталуучулар документти «Шахерезаданын жомоктору» деп аташууда

Прокуратура Кой-Таштагы окуялар боюнча шектелип жаткандарга айыптоо актыларын тапшырды. Бул тууралуу Кыргызстандын мурдагы президентинин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева маалымдады.

Анын айтымында башкы прокуратура 491 беттен турган айыптоо корутундусун бекиткен.

«Эске салсак, бул Кой-таштагы окуялар боюнча бийликтин акыркы расмий версиясы. Айыпталуучулар айыптоо актысын далил базасынын жоктугунан жана көз көрүнөө бир тараптуулуганан улам «Шахерезаданын жомоктору» деп аташты. Бардык айыптоолор оозеки айтылгандардын негизинде куралган», - деп жазган ал.

Айыпталуучу деп табылгандардын тизмесинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков, ЖКнын КСДП фракциясынан депутаттары Ирина Карамушкина жана Асель Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаев, ЖКнын мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев жана башкалар бар

Тергөө менен кызматташууга макул болгондордун иши өзүнчө өндүрүшкө алынган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх