Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аида Касымалиева: Сооронбай Жээнбековдун командасы өзүнө окшош

ЖКнын вице-спикеринин пикиринде мамлекет башчынын тегерегинде өзү сыяктуу оор басырыктуу адамдар чогулган

Президенттин командасы өзүнө окшош - оор басырыктуу, эмоцияга көп алдырбайт. Бул тууралуу Майраш Базлакунованын Youtube-каналына жарыяланган маекте Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева билдирди.

Алып баруучу президенттин командасынын дарегине көп сын-пикирлер айтыларын белгилеген. Вице-спикер буга мамлекет башчынынын айланасындагы адамдар анын өзүнө окшош экенин айткан.

«Менин оюмча, президенттин командасы өзүнө окшош. Ошондой эле оор басырыктуу, эмоцияга көп алдырбаган. Кээде элдерге администрация тарабынан чечимдер кеч кабыл алынып жаткандай, реакция болбогондой сезилиши мүмкүн. Реакция сөзсүз болбойт. Ар ким өзүнө жараша команда топтойт да. Президент өзү оор басырыктуу адам болгондуктан, айланасында да ошондой адамдар деп ойлойм. Мисалы, басма сөз кызматында. Негизи, мен анын командасы жакшы эле деп ишенем», - деген Аида Касымалиева.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх