Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Темир Сариев: Партиянын тизмеси менен программасын аныктадык

 Экс-премьер Караколдо партиялык конференция өткөрдү

Мурдагы премьер-министр, «Ак Шумкар» партиясынын лидери Темир Сариев кечээ Караколдо шаардык партиянын шаардык конференциясын өткөрдү. Бул тууралуу ал Facebook социалдык партиясында жазган.

Анын айтымында партиялаштары уюштуруу маселелерин талкуулашкан.

«Алдыдагы шаардык кеңешке партиянын талапкерлеринин тизмесин аныктадык. Партиянын негизи – бул адамдар. Алардын арасында жаңы жүздөр, жаштар көп. Биздин партиянын мүчөлөрү Каракол шаарынын өнүгүүсү үчүн күйгөн, туруктуу позициясы жана тажрыйбасы бар адамдар. Баарыбыз күжүрмөн маанайдабыз. Шаардыктар алдыдагы шайлоодо биздин команданы колдоп берет деген ишенимдебиз», - деп жазган Сариев.

Эске салсак, буга чейин «Ак Шумкардын» лидери «Чындык Медиа» басылмасына маек куруп, анда ал жетектеген саясий бирикме башка саясий күчтөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын айтып берген.

Жакында эле Сариев «Ата Мекен» партиясынын Бишкекте өткөн конференциясына катышкан.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх