Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өкмөт Жогорку Кеңеште коронавирус боюнча маалымат берет

Депутат Эмил Токтошев өлкөсүнө майрамдарды өткөрүүгө кеткен Кытай жарандарды Кыргызстанга кайтып келип жатканына тынчсызданды

Жогорку Кеңеште өкмөттүн коронавирус боюнча абал тууралуу маалыматын угушмакчы. Мындай сунуш менен депутат Эмил Токтошев чыкты.

- Бардык өлкөлөр вирустун жайылышына жол бербөө үчүн профилактикалык иштерди жүргүзүп жатышат, Россия ал тургай Кытай жарандарына кирүүгө чектөө коюп койду, - деп белгиледи ал. - Биздин мамлекетте эмгектенген 5 миңге жакын Кытай жарандары өздөрүнүн Жаңы жылын белгилөө үчүн мекенине кетишкен. Эми алар кайра кайта башташат, биз ошондуктан өкмөттүн сөзүн угушубуз керек, алар мындай абалда эмне чара колдонушат

Парламент мүчөлөрү кесиптешинин сунушун колдошуп, маселе күн тартибине коюлду.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх